Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Аткылоодон улам Украинанын бир канча кыштагы жарыксыз калды


Запорожье. Архив
Запорожье. Архив

Орусиянын күчтөрү Украинанын Запорожье облусун аткылаганда 27 айыл жарыксыз калганын Энергетика министрлиги 12-сентябрда билдирди. Жылуулук электр станциясындагы бир блок иштен чыкканы айтылууда.

Ошол эле учурда адистер өндүрүлгөн электр энергиясы керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандырууга жетиштүү экенин белгилешүүдө.

Андан тышкары, Донецк, Харьков, Херсон, Сумы жана Чернигов облустарындагы айрым кыштактарда да электр энергиясы өчүп калды. Бригадалар бузулган станцияларды оңдоп жатканын "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Херсондогу аткылоолор энергетиктердин ишине тоскоолдук жаратууда.

2022-жылдын 10-октябрынан тарта орус армиясы Украинанын маанилүү энергетикалык инфраструктурасын аткылай баштаган. Натыйжада үйлөргө жарык жетишпей, маселе жаралган.

2023-жылдын мартында Орусия энергетика тармагына чабуулдарын азайтып, Украина бузулган жабдыктарды калыбына келтире баштаган.

XS
SM
MD
LG