Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Нурия Кутнаева 5G технологиясын өнүктүрүүгө басым жасарын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 12-сентябрдагы жыйынында санарип өнүктүрүү министри кызматына Нурия Кутнаеванын талапкерлигин жактырды. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, министр болуп калса ириде өлкөдө 5G технологиясын өнүктүрүүгө басым жасарын айтты.

Кутнаева буга чейин "Түндүк" жана "Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" ишканаларынын директору болгон.

Ушул жылдын башында аталган министрлик Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы алгачкы тест-драйвдан өткөрүлгөнүн билдирген. Ага ылайык "МЕГА" мобилдик оператору анын ылдамдыгын, сапатын сынаганын маалымдаган. Ошол эле маалда коомчулукта маалыматтын жетишсиздигинен улам адамдын саламаттыгына терс таасирин тийгизет деген такталбаган сөздөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

"Чынында 5G адамдарга бир топ ыңгайлуу шарттарды түзөт. Биринчи кезекте интернет байланыштын сапаты жакшырат, анын жардамы менен технологиядагы татаал маселелерди чечсе болот. Айыл чарба менен алектенген адамдар техникасына, талаасынын абалына алыстан туруп эле байкоо салууга мүмкүнчүлүк ачылат", -деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Былтыр сентябрда Бишкекте 5G технологиясын сынап көрүүгө байланыштуу атайын көргөзмө аянтчасы ачылган. Анда ошол кездеги санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун бул технология үчүн өлкөдө тийиштүү укуктук мыйзам ченемдери иштелип чыгып, үч операторго ал стандартты сынап көрүү үчүн атайын жыштык бөлүнүп берилгенин билдирген.

Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараянын ишке ашырууга аракет кылып келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланган.

Былтыр президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан алынарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG