Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Кыргызстандын аймагында көмүр сатылган 550дөй база ачылат


Кыргызстанда кышында 1,2 миллион тонна көмүр керектелет.
Кыргызстанда кышында 1,2 миллион тонна көмүр керектелет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 11-сентябрда көмүргө байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда баанын жогорулашына жол бербөө керектигин эскертип, такай көзөмөл жүргүзүп турууну тапшырды. Айрыкча Баткен менен Ош облусуна көңүл бурулушу зарылдыгын белгиледи.

Төрөбаев ошондой эле кышында жалпысынан 1,2 миллион тонна көмүр жагыларын, өлкө аймагында 550дөй база ачыларын кошумчалады.

"Убагы келгенде шашып калбашы үчүн жана ар кандай "кызыл кулактыкка" жол бербөө максатында каалоочуларга көмүрдү күзүндө эле сатып алышына шарт түзүүгө аракет көрүлүп жатат. Эгер жеке көмүр казган компаниялар ички керектөөчүлөргө бааны жогорулатса өкмөт экспортту жабат. Биринчиден, көмүр казган компаниялар бюджеттик мекемелердин жана элдин керектөөсүн жабышы керек", - деген Төрөбаев.

Министрлер кабинети өткөн аптада, 8-сентябрда машина менен көмүрдү сыртка ташууга убактылуу тыюу салган.

Токтомдо айтылгандай, мындай чектөөнүн кыргыз-кытай чек арасында “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттерине жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок.

Документте кышында калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүрү жетишсиз болсо же анын баасы жогорулап кетсе президенттин облустардагы өкүлдөрү, акимдер жана айыл өкмөт башчылары жооптуу болору белгиленген.

Кыргызстандагы 30га жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. Нарындагы Кара-Кече көмүр кени “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына таандык, анда эки жүздөй адам эмгектенет.

XS
SM
MD
LG