2023-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,2 млрд кВт/саат көлөмдү түзөт деп эсептелди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда Бишкекте өткөн атайын басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл суу тартыштыгынан улам Кыргызстандагы гидроэлектр станциялар 14 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт деп саналууда. Өлкөдө жалпы керектөө бул жылы 17,2 млрд кВт/саатты түзүшү мүмкүн.
Таалайбек Ибраев тартыштык Түркмөнстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан алынган электр энергиясы менен толтурула турганын белгиледи. Алардан запас менен жалпы 3,8 млрд кВт/саат энергия алуу планы бар. Министр ошентсе да калк жарыкты быйыл максималдуу түрдө үнөмдөшү керектигин эскертти.
Соңку жылдары энергетикадагы тартыштыкты жабуу үчүн Бишкек Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алып жатат. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Орусиядан 875 млн кВт. саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Орусиялык “Интер РАО” компаниясы Казакстандын энергосистемасы аркылуу апрелден тартып Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштаган.
Кыргызстанда 2021-жылы 15,1 млрд. кВт/саат электр тогу чыгарылса, кайра 16,3 млрд кВт/саат керектелди. 2022-жылы болгону 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ошол эле маалда керектөө 15,9 млрд кВт/саат көлөмдү түздү.
Быйыл Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 400 млн кубдан бир аз ашат. 2022-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч туура 2 млрд кубга көп болчу.
Суунун аздыгынан улам президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. (ErN)