Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Кыргыз-өзбек чек арасында күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун билдиришинче, 11-сентябрда таңкы саат 7:54тө кыргыз-өзбек чек арасынын аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкинүүсү Баткен облусунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору болгон зонага - Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору кирет. Жалал-Абад облусунда - Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору, Ош облусунда — Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору, ал эми Баткен облусунда - Кадамжай району, Нарын облусунда - Кочкор району кооптуу зоналар болуп саналат.

Өлкөдө жылына орто эсеп менен 3000 жер титирөө катталат, анын он-жыйырмага жакыны беш баллдан ашкан магнитудадагы жер титирөөлөр. Жер титирөөнүн очогу жер кыртышынын чегинде жайгашкан. Көпчүлүк гипо-борборлор 5 чакырымдан 25 чакырымга чейинки тереңдикте орун алган.

XS
SM
MD
LG