Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

Мароккодогу зилзалада каза тапкандар 600дөн ашты


Мароккодогу зилзаланын кесепеттери.
Мароккодогу зилзаланын кесепеттери.

Мароккодо 9-сентябрдын түнү катталган зилзалада каза тапкандардын саны 632 кишиге жетти. Дагы 329 киши ар кандай жаракат менен ооруканаларга жаткырылды. Мындай маалыматты Associated Press агенттиги Марокко өкмөтүнө шилтеме кылып жазды.

Өлкөнүн Улуттук геофизикалык институту күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө Марокконун Марракеш шаарынан 70 чакырым аралыктагы тоолуу райондо катталганын билдирген. Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы зилзаланын күчүн 6,8 балл деп баалоодо.

Reuters агенттиги ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде турган тарыхый шаар Марракеште бир катар имараттар урап калганын жазды. Жергиликтүү телеканалдар зыян тарткан мечит менен талкаланган унаалар тууралуу кадрларды көрсөтүүдө.

Куткаруу кызматтары урандыларды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Марокконун Ички иштер министрлиги кыйроолор көбүнчө калктуу конуштардын сыртында болгонун билдирген. Айылдарга жетүү кыйын болгондуктан, кырсыктын масштабын баалоо азырынча кыйын болууда.

Жер титирөөнүн күчү Атлантика океанынын жээгиндеги Рабат, Касабланка жана Эс-Сувейра шаарларында да сезилген. Тургундар 9-сентябрдын түндө сыртта түнөштү. (KbA)

XS
SM
MD
LG