Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

УКМК Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн четке какты


Саясатчы Равшан Жээнбеков.
Саясатчы Равшан Жээнбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбековго чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти. Атайын кызмат мындай билдирүүсүн 9-сентябрда таркатты.

“УКМК саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду делген боюнча билдирүүсү жалган экендигин маалымдайт. Белгилей кетүүчү нерсе, Равшан Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат”, - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

8-сентябрь күнү “Кемпир-Абад иши” боюнча тергөө абагында жаткан Равшан Жээнбеков Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевге кайрылган. Анда “кемпирабадчыларды” ден соолугунан ажыратып, басым кылуу үчүн атайлап суук жертөлөдө кармап жатышканын билдирген. Ал мындай мыйзамга каршы иш-аракеттерди УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин буйругу менен аткарып жатканын айткан.

Сентябрь айынын башында Жазаларды аткаруу кызматы “Кемпир-Абад иши” боюнча абакта отурган Равшан Жээнбековду, Азимбек Бекназаровду, Жеңиш Молдокматовду жана Кубанычбек Кадыровду №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Буга байланыштуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камералардын абалы менен таанышып чыккан. Жертөлөдөгү камералар тазалык жана санитардык талаптарга жооп бербегени, кармоо шартынын эрежелери бузулганы боюнча акт түзүшкөн. (KbA)

XS
SM
MD
LG