Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Кайра шайлоо: "жымжырттык күнү" үгүт өнөктүгү токтоду


№26 Ленин шайлоо аймагында 28-майда өткөн кайра шайлоо.
№26 Ленин шайлоо аймагында 28-майда өткөн кайра шайлоо.

Бүгүн, 9-сентябрь Бишкек шаарынын №26 Ленин шайлоо аймагында “жымжырттык күнү”.

Мыйзамга ылайык, шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

Ага ылайык, мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга “жымжырттык күнү” үгүт жүргүзүүгө жол берилбейт.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт. Шайлоого 24 талапкер катышууда, анын 19у эркек, бешөө аял. Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Биринчи жолу кайра шайлоо өткөрүү бул аймактан 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. (KbA)

XS
SM
MD
LG