Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Абактагы Равшан Жээнбеков ЖАМК жетекчисине кайрылды


Саясатчы Равшан Жээнбеков.
Саясатчы Равшан Жээнбеков.

Абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков “кемпирабадчыларды” ден-соолугунан ажыратып, басым кылуу үчүн атайылап суук жертөлөдө кармап жатышканын айтып кайрылды. Анын Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевдин дарегине жолдонгон билдирүүсү 8-сентябрь күнү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Биздин ным, суук жертөлөдө кармалып атканыбыз адамзаттык, жөнөкөй минималдуу стандартка, гигиена жана санитарияга туура келбесин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комитети, Кыйноолорго каршы улуттук борбор 7-сентябрда өз корутундусунда жарыялады. Бул корутунду сиздин УКМК жетекчиси К.Ташиевдин буйругун аткарып, бизди атайылап ден соолугубуздан ажыратып, оорутуп, басым жасап атканыңызды түз дагы, кыйыр дагы далилдеди. Биз “кыйноолор болуп атат”десек, сиз “түрмө тартибине баш ийилиши” керек дейсиз. Албетте, баш ийебиз. Ошондуктан бизди суук, ным жертөлөдө кармап отурасыз да. Сиз үчүн бизди ден соолугубуздан ажыратып, суук, ным, гигиенага жана санитарияга туура келбеген кармоо “тартип” болсо, биз үчүн “кылмыш”, - деп жазылган билдирүүдө.

Сентябрь айынын башында Жазаларды аткаруу кызматы “Кемпир-Абад иши” боюнча абакта отурган Равшан Жээнбековду, Азимбек Бекназаровду, Жеңиш Молдокматовду жана Кубанычбек Кадыровду №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана абалы начар экенин билдирип эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Буга байланыштуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камеранын абалы менен таанышып чыккан. Адистер жертөлөдөгү камералар тазалык жана санитардык талаптарга жооп бербегени, кармоо шартынын эрежелери бузулганы боюнча акт түзүшкөн.

Камераларда жогорку нымдуулук байкалып, анын кесепетинен дубал менен шыптын шыбактары түшүп, полдо бетондон жаракка кеткени айтылат. Аталган борбор ушундай абалдагы камераларда 242 адам кармалып турганын белгилеген.

Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, эч кандай кыйноолорго жол берилбей турганын "Азаттыкка" билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын адам 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Учурда бул иш боюнча кармалгандардын 11и абакта.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет. (KbA)

XS
SM
MD
LG