Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Лука Анчески: Борбор Азия лидерлеринде орток пикир жок


Борбор Азия лидерлеринин Чолпон-Ата шаарындагы саммити, 21-июль 2022-жыл.
Борбор Азия лидерлеринин Чолпон-Ата шаарындагы саммити, 21-июль 2022-жыл.

Шотландиядагы Глазго университетинин Борбор Азия боюнча окумуштуусу Лука Анчески Борбор Азиядагы кызматташтык, чөлкөмдөгү лидерлердин Тажикстанда өтүүчү бешинчи саммити жана АКШ президенти Жо Байден менен күтүлүп жаткан жолугушуусу тууралуу ой бөлүштү.

- 14-15-сентябрда Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин бешинчи саммити өткөнү жатат. Чөлкөмдө суу, чек ара сыяктуу маселелер күн тартибинде турат. Борбор Азия мамлекеттеринин бул маселелерди чечүүгө болгон аракеттерине, деги эле региондогу кызматташтык менен интеграциянын абалына кандай баа бересиз?

- Биринчиден, маекке чакырганыңыздар үчүн рахмат. Соңку 30 жылдан бери Борбор Азиядагы орток көйгөйлөрдү чечүүгө болгон аракеттер фундаменталдуу бир маселе менен коштолуп келет. Лидерлер эч качан орток көйгөйлөргө орток чечимдерди, орток пикирлерди издешпейт. Алардын ар бири өздөрүнө ыңгайлуу чечимдерди гана сунушташат. Регионалдык маселелерди чечүүгө аракет жасалбайт.

Доктор Лука Анчески.
Доктор Лука Анчески.

Бул жагдай климат өзгөрүп жаткан шартта өзгөчө маанилүү. Себеби климаттын өзгөрүүсү жамааттык чараларды талап кылат. Бирок андай болбой жатат. Буга Борбор Азиядагы суу саясатын мисалга алсак болот. Чөлкөмдө суунун башындагы өлкөлөр менен суунун ылдый жагындагы өлкөлөрдүн ортосунда эки ача пикир бар.

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана айдоо аянттарын сугаруу үчүн сууну бөлүшүүгө туура келет. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү бул максатты ийгиликтүү ишке ашыруунун жолдорун иштеп чыга алган жок. Бул маселелерге байланыштуу далай жолугушуулар жана саммиттер өткөрүлдү. Бирок көйгөйдү чындап чечүүгө багытталган саясат иштелип чыккан жок.

- Мунун себеби эмнеде?

- Көп учурда лидерлер бул маселелерге маани беришпейт. Президент Рахмондун Рогун ГЭСин куруу планы эң ылайыктуу мисал. Бул долбоор суу коопсуздугун камсыз кылуудан мурда улуттуу түптөөгө же режимди бекемдөөгө багытталган.

Ушул маселе боюнча суунун ылдый жагындагы өлкөлөр менен канчалык деңгээлде сүйлөшүүлөр болгон? Аны билебизби? Менимче, билбейбиз. Бул чоң көйгөй жана коллективдүү коркунучтарды жөнгө салууда утур-утур кайталанган ката.

Бул - Борбор Азия өлкөлөрүнө регионалдык саясатты иштеп чыгууга тоскоол болгон фундаменталдуу маселе. Чөлкөмдө суу, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл-чарбасы, валюта жана соода маселелеринде орток саясатты көргөн жокпуз. Орток саясат болбогондуктан региондо дезинтеграция бар.

- 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан мындай саммиттерде Борбор Азия лидерлери регионалдык кызматташтык маанилүү экенин бир ооздон белгилеп жүрүшөт. Ошентсе да былтыр Чолпон-Атадагы саммитте ынак коңшулук тууралуу келишимге Түркмөнстан менен Тажикстан кол койгон эмес. Борбор Азиядагы мамлекеттер бири-бири менен жакындан кызматташууга, чөлкөмдөгү интеграцияга канчалык кызыкдар?

- Саммиттерде жарыяланган саясий багыттар менен ал жыйындар бүткөндөн кийин ишке ашырылган кадамдардын ортосунда чоң айырма бар. Түркмөнстан менен Тажикстандын келишимге кечирээк кол коебуз дегени буга бир мисал. “Кечирээк” деген сөз “эч качан” дегенге барабар.

Борбор Азияда регионалдык кызматташтыктан баш тарткан бир өлкө бар. Бул – Түркмөнстан. Мындай шартта биргелешкен кадамдарды алдыга сүрөө кыйын. Кызматташтык маселесинде Тажикстандын саясатында да ырааттуулук байкалбайт.

Регионалдык интеграцияны алгач кызматташууга кызыкдар өлкөлөр менен баштоо керек. Бул эң жакшы жол болот. Кызматташтыктын ылдыйкы деңгээлде болсо да натыйжалуу болгону жакшы.

Чек араларды ачуу багытында кызматташса болот. Өлкөлөрдү байланыштырган долбоорлор Кытайдыкы сыяктуу дүңгүрөгөн чоң пландар аркылуу эмес, региондун өзүнүн ички демилгелери аркылуу ишке ашырылышы керек. Жер-жерлерде калктын турмушуна оң таасирин тийгизе турган долбоорлорго көңүл буруу зарыл. Практикалык маселелерге артыкчылык берилиши кажет. Саммит ушуга көңүл бурушу керек.

Чоң-чоң билдирүүлөрдү жасабагыла. Интеграция идеясын алдыга сүрөө үчүн кыска мөөнөттө иштеп кете турган долбоорлорго көңүл бургула.

Советтер Союзу маалында ички чек аралар жок эле. Соңку 30 жылда Борбор Азияда чек аралар тосулду. Чек аралар интеграцияга тоскоол болуп калды. Бирок аларды интеграциянын куралына айландыруу керек.

Андыктан экономиканы өнүктүрүүгө жана ортодогу байланышты камсыз кылууга багытталган дүңгүрөгөн билдирүүлөргө караганда ылдыйкы деңгээлдеги, бирок эффективдүү кызматташтыкка чакырмакмын. Себеби андай чоң билдирүүлөр эч качан ишке ашкан эмес. Бул саммиттер чогуу сүрөткө түшүү үчүн гана уюштурулуп калып жатат.

Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары, Чолпон-Ата шаары, 21-июль 2022-жыл.
Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары, Чолпон-Ата шаары, 21-июль 2022-жыл.

- Евробиримдик жана АКШ сыяктуу геосаясий оюнчулар Борбор Азияны кандай көрүшөт? Орусия жана Кытай региондун өз ара кызматташтыгына, интеграциясына кызыкдарбы?

- Бул суроого эки багытта жооп берсе болот. Биринчиден, Орусия менен Кытай региондогу ар бир өлкө менен өз алдынча кызматташып келет. Алар үчүн региондогу интеграция анчалык деле маанилүү эмес. Себеби алардын чөлкөмдөгү ар бир өлкө менен кызматташуу маселесинде өз алдынча максаттары бар. Орусия саясий, экономикалык жана инфраструктуралык максаттарды көздөйт.

Кытай географиялык жактан регионго жакын жайгашкан. Бээжин Борбор Азиянын беш өлкөсү менен өз-өзүнчө ийгиликтүү карым-катнаш түзө алды.

Европа Биримдигинин жана АКШнын регион менен кызматташтыгы бир кылка эмес. Евробиримдик ар бир өлкөгө өзүнчө мамиле кылуудан мурда Борбор Азияны бир бүтүн регион катары карап жатат. Андай болбошу керек. Казак өкмөтү кыргыз өкмөтүнөн өзгөчөлөнүп турат. Ал экөө өзбек өкмөтүнөн айырмаланып турат. Батыш өлкөлөрү сырттан интеграциялык саясатты алга сүрөй алышкан жок. Ошол эле учурда региондогу ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн да эске албай келишет.

- Соңку кабарларга ылайык, АКШнын президенти Жо Байден биринчи жолу сентябрь айында Бирикен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жылдык жыйынын алкагында Борбор Азиянын лидерлери менен жолукканы жатат. Азырынча бул саммитке региондогу лидерлердин кимиси барары так белгисиз. Кантсе да бул жолугушуу Орусиянын Украинадагы согушу сыяктуу геосаясий өзгөрүүлөр маалында өтөт. Сиздин баамыңызда бул саммит эмнеси менен маанилүү?

- Бул саммит андан ары улантып кетүүгө жарамдуу так саясат болсо гана маанилүү болот. Эгер АКШ Нью-Йорктогу бул саммитке бир жолку окуя катары гана мамиле кыла турган болсо, анда бул жолугушуу жакында Тажикстанда өтө турган жыйынга эле окшошуп калат. Чогулуп сүрөткө түшүү үчүн уюштурулган гана иш-чара болуп калат.

Бирок Кошмо Штаттардын бул саммиттен кийинки максаты эмне? Эгер кандайдыр бир максат болсо, анда ал максатты ишке ашыруу үчүн кандай каражат бөлүнөт? АКШ Борбор Азия боюнча саясатын кандай көрөт? Бул көз караштарды так саясатка айландырса болобу? Мен так билбейм.

Эгер кайсы бир Борбор Азия лидери саммитке бара турган болсо, албетте, бул маанилүү окуя болот. Түркмөн президенти катышары белгисиз. Менимче, бул позитивдүү иш-чара. Бирок сүрөткө түшүп гана тим болбостон, каржы булагы аныкталган так саясат керек.

- Орусия Украинага кол салгандан бери айрым эл аралык жана жергиликтүү эксперттер Москванын Борбор Азиядагы таасири азайып баратканын айтып келишет. Бирок саясат таануучулардын бир бөлүгү мындай ойлорго кошулбайт. Сиздин оюңуз кандай? Орусиянын Борбор Азиядагы учурдагы таасири кандай?

- Мен бул тууралуу оюмду ачык билдирип келет. Менимче, Орусиянын Борбор Азияда эмне кыла алат деген суроого этият баа беришибиз керек. Биз каалоо-тилек айтсак эле, Орусия региондон кетип калбай турганын так түшүнүшүбүз керек.

Орусия менен Борбор Азиянын ортосунда бир түндө үзүп салууга мүмкүн болбогон тарыхый байланыштар бар. Мындан тышкары соңку он жыл ичинде региондо Орусиянын таасирин күчөткөн жаңы өнүгүүлөр да байкалды. Москванын региондугу үстөмдүгү азайып баратканын айкан кесиптештерим же байкоочулар муну ырастаган далилдерди келтиришкен жок. Алар бул жөнүндө сөз гана кылып жатышат.

Бирок Орусия менен Борбор Азиянын ортосундагы сооданы, өзгөчө Евразия экономикалык биримдигине мүчө Казакстан менен Кыргызстандын соодасын карай турган болсом, санкцияларды буйтап өтүү жолдорун талдай турган болсом, Орусия барган сайын чөлкөмдүн маанилүү соода өнөктөшүнө айланып бара жатканын көрө алам. Орусиянын Өзбекстан менен энергетика тармагындагы кызматташтыгы да күчөдү.

Борбор Азияга согуштан качкан орусиялык релоканттардын келиши менен адамдар ортосундагы өз ара карым-катыш да жакшырды. Региондо этникалык орустардын саны да көбөйдү. Алардын бир бөлүгү Казакстанда, Өзбекстанда же Кыргызстанда отурукташып калышы мүмкүн. Алар согуштан кийинки Орусия менен Борбор Азиянын алака-катышында жаңы жагдайлардын бири болуп калат.

Бул көрүнүштөрдүн баары Орусиянын Борбор Азиядагы таасири азайбаганын көрсөтүп жатат. Москва мурдагыдай эле маанилүү, балким мурдагыдан да маанилүү. Борбор Азиядагы мамлекеттер жана режимдер Путин ар дайым авторитардык саясатты колдой турганын билишет. Борбор Азия менен Кремлдин ортосунда авторитаризм маселесинде тилектештик бар. Муну 2022-жылы Алматыда [ред. Январь окуясы] күбө болдук.

Орус президенти жана Борбор Азиянын лидерлери.
Орус президенти жана Борбор Азиянын лидерлери.

- Тажикстанды эске албаганда Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө лидерлер, режимдер алмашты. Бирок бийликтин же башкаруунун табияты канчалык өзгөрдү? Сиз маегибиздин алдында Борбор Азия барган сайын авторитардык багытка бурулуп жатканын айтып өттүңүз. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?

- Соңку эки жыл ичинде Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда орун алган окуялар бири-бирине окшош экенин байкасак болот. Негизинен авторитардык лидерлердин жаңы мууну бийликке келгенин көрдүк. Коронавирус пандемиясынан кийин режимдер көзөмөлдү ого бетер күчөтүштү.

Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болду. Президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү. Анын жыйынтыгы менен Токаев 2029-жылга чейин бийликте калды.

Өзбекстанда да ушундай окуялар болду. Конституция өзгөртүлүп, Мирзиёев кайра президент болуп шайланды. Эми ал дагы жети жылдан эки жолу президент болуп шайлана алат. Мирзиёев 2037-жылга чейин президент бойдон калышы мүмкүн. Түркмөнстанда атасы баласына бийлигин өткөрүп берди. Сердар Бердымухаммедов дагы 20-30 өлкөнү башкарышы ыктымал.
Бул үч режимдин мөөнөтү мурдагыдан да узагыраак болушу ыктымал. Бул жетекчилер узак убакыт боюнча бийликте кала бериши ыктымал.

Эгер башталышы ушундай болсо, аягын элестете берсеңиз болот. Репрессия жана көзөмөл күчөшү мүмкүн. Эркиндик чектелип, региондо беш авторитардык режим пайла болот. Керек болсо Кыргызстан да ушул багытта кетип бараткандай сезилет. Ушуну күтүүгө болот.

- Мунун себеби эмнеде? Советтер Союзу ыдырагандан бери 30 жылдан ашык убакыт өттү. Чөлкөм эмне үчүн демократиялаша албай жатат?

- Менимче, бул маселе эч качан күн тартибинде болгон эмес. 1990-жылдардын башындагы өзгөрүүлөр эч качан демократияга багытталган эмес. Ошол мезгилде бул маселе тууралуу талдоо жүргүзгөн адамдар кырдаалды туура эмес түшүнүп алышкан.

Өзгөрүүлөрдүн багытын Борбор Азия тууралуу илимий иш жазган окумуштуулар эмес, чөлкөмдү башкарган лидерлер аныктайт.

1990-жылдардын башында Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда күчтүү президенттик бийлик түптөлгөн. Күчтүү президенттик башкаруудан авторитардык бийликке секирип кетүү абдан оңой болгон. Парламенттик республиканы куруу аракеттеринен улам Кыргызстан бул багытта жайыраак кадам таштады.

- Кыргызстан да президенттик башкарууга кайтпадыбы...

- Ооба, ошентти. Өзгөрүүлөр болуп жаткан учурда тиешелүү институттар демократияны куруу максаты менен түзүлгөн эмес. Ошол эле маалда биз Евробиримдик, АКШ тараптан демократияны алдыга сүрөө аракеттери азайганын да байкап жатабыз. Азыр дүйнөдө авторитардык башкаруу көнүмүш көрүнүшкө айланып бара жатат. Борбор Азияда бул көрүнүш дүйнөнүн башка аймактарынан эртерээк башталган.

Биз 1990-жылдары чөлкөмдө болгон окуяларды туура эмес чечмелеп алганбыз. Себеби бизге саясий жактан мындай чечмелөө ыңгайлуу болчу. Борбор Азиянын авторитаризмге багыт алышына жол ачкан айрым жагдайлардын карааны ошол кезде эле көрүнгөн эле.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG