Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

ИИМ 450 килограмм маңзат жок кылынганын билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 450 килограммадан ашуун маңзат жок кылынганын билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы 8-сентябрда тараткан маалыматка караганда, маңзат Бишкектеги от казандардын биринде өрттөлгөн. Мындан сырткары 30 килограммдан көбүрөөк героин, 328 килограммдай кара куурай, 2 кг опийим жана 90 кг психотроптук заттар жок кылынган. Маңзаттарды жок кылуу операциясын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери, тийиштүү эксперттер көзөмөлдөп турду.

ИИМдин маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын маңзат лабораториясынын иши токтотулган.

Кыргызстан 2020-жылдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизаттар боюнча комиссиясынын кара куурай жана кара куурайдын чайырын өзгөчө кооптуу маңзаттардын тизмесинен чыгаруу чечимине каршы добуш берген.

ИИМ мындай чечимди өлкө аймагында кара куурай 10 миң гектардан ашуун жерде өсөрү жана ага каршы чараларды жумшартуу өлкөдөгү наркологиялык кырдаалга тескери таасир тийгизиши ыктымалдыгы менен негиздеген.

1961-жылы БУУ кара куурайды көзөмөлдөөгө байланыштуу өтө катаал чаралардын тизмесин бекиткен Бирдиктүү конвенцияны кабыл алган.

2019-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара куурайды ал тизмеден чыгарууну суранып БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясына кайрылган.

2020-жылдын аягындагы добуш берүүдө БУУнун комиссиясынын 27 мүчөсү макулдугун берип, 25и каршы чыгып, чечим кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG