Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:59

Ташкент аэропортундагы 8,5 тонна апийимдин чоо-жайы иликтенүүдө


Кондитердик апийим салынган мүшөктөр.
Кондитердик апийим салынган мүшөктөр.

Ташкент аэропортунда колго түшүрүлгөн 8,5 тонна апийимдин чоо-жайы иликтенүүдө. Атайын кызмат кылмыш ишин козгоду.

Учак майданында маңзаттын рекорддук партиясы кармалганы тууралуу 8-сентбярда Өзбекстандын Бажы комитети билдирген.

Расмий маалыматта айтылгандай, бул бажы кызматынын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу ушундай ири өлчөмдө маңзат партиясы кармалган учур болуп калды.

Аны ташыгандар чет өлкөдөн учак менен алып келип, жүк ташуучу унаалар менен жеткирүүгө аракет кылганы белгиленген. Коштоочу документтерде жүктүн ичинде 1000 капка салынган 25 тонна кондитердик апийим болгону көрсөтүлгөн. Текшерүү учурунда жүктүн арасынан 8,5 тонна апийимдин активдүү заты камтылган таңгактар табылган. Ал маңзат катары Өзбекстанда тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG