Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Социалдык фонддо жарым млрд сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.
Социалдык фонддо 2022-жылдын бюджетин аткарууда 536,8 млн сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды. Аталган мекеме бюджеттин резервдерин, каражатын натыйжасыз пайдаланган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын өткөн жылдын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Маалыматка караганда, Соцфонд бул каражаттын жарымын ордуна койгон, дагы 351,5 млн сомдун ордун толтурушу керек.

Эсеп палатасы 8,1 млн сом эмгек акыларга негизсиз төлөнгөнүн, кызматкерлердин эмгек өргүүсү үчүн төлөөдөгү финансылык бузуулар 5,4 млн сомду түзгөнүн билдирди.
Социалдык фонд Эсеп палатасынын маалыматына комментарий бере элек.

Буга чейин Башкы прокуратура Сокулукта "Кыргызпочтасы" ишканасы боюнча текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 985 миң сомду почтанын жооптуу кызматкерлери жымырып алышканын кабарлаган. Анда кылмыш иш козголуп, мекеменин башкы бухгалтерине, чарба бөлүмүнүн башчысына жана операторуна айып тагылып, мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толтурулганы айтылган.

Кийин Соцфонд 1 миллиард сом уурдалганы тууралуу маалыматты төгүндөгөн.

Кыргызстанда пенсия ар бир пенсионердин каалоосу боюнча банк эсебине же почта аркылуу колуна берилет.

XS
SM
MD
LG