Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

"Вагнер" жаңы жоочуларды кабыл алууну убактылуу токтотконун жарыялады


Талкаланган имараттын терезесине илинген "Вагнер" желеги.
Талкаланган имараттын терезесине илинген "Вагнер" желеги.

Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы катарына жаңы жоочуларды кабыл алууну убактылуу токтотконун билдирди. Мындай маалымат жалданма аскерлердин жакындары үчүн ачылган чатка жарыяланганын "Агентство" басылмасы кабарлады.

13 миңден ашуун катталуучусу бар чаттын админстраторунун атынан жазылган кайрылууда жаңы жоочуларды кабыл алуу акыркы окуяларга байланыштуу токтотулганы белгиленген.

23-августта "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин Тверь облусундагы учак кулаганда каза болгон. Бул окуядан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги "Вагнер" компаниясынын Сириядагы жана Африкадагы ишмердигин өз көзөмөлүнө алууга даярдык көрүп жатканы кабарланган. Беларуста ачылган лагерлердеги "вагнерчилердин" тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Буга чейин "Агентство" басылмасы "Вагнердин" жоочуларынын жакындары айлыктар өз убагында берилбегенине жана айрым шаарларда кассалар жабык турганына даттанышканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG