Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева Антимонополияга жетекчи болуп дайындалды


Гүлшат Асылбаева.
Гүлшат Асылбаева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы бир күн мурун – 6-сентябрда эле Айбек Мамыралиевди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси кылып дайындаган. Ал буга чейинки кызматына кайра кайтып, орун басар болуп бекиди.

Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал коомчулукта “сөз эркиндигин чектеген, демократияга каршы келген мыйзам долбоорлорун” жазган деп сынга кабылган.

Быйыл июль айында кыргызстандык 30дай активист жана журналисттер “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын авторлоруна – экс-депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмоновага виза бербөө өтүнүчү менен Швейцариянын элчилигине кайрылышкан.

Алар сөз эркиндигин жана адам укуктарын чектеген долбоордун авторлоруна жана алардын жакындарына Батыш өлкөлөрүнө барууга, окууга, мүлк сатып алууга, ишкерлик кылууга тыюу салынышы керек деп чыгышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG