Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Болгариядагы селде төрт киши набыт болгону аныкталды


Цареводо тартылган сүрөт.
Цареводо тартылган сүрөт.

Болгариянын бийлиги Царево калаасындагы селде төрт киши набыт болгону аныкталганын билдирди.

Кара деңизге жакын, туристтер көп барган Царево шаарына кеткен жалгыз жол жабык турганын "Азаттыктын" болгар кызматы өкмөт өкүлдөрүнө шилтеме жасап 7-сентябрда кабарлады. Аймакта беш күндүк өзгөчө абал жарыяланып, тургундар менен туристтер коопсуз жерлерге чыгарылууда.

Нөшөрдөн улам дарыяларда суу ташкындап, көпүрөлөрдү агызып кеткени, эки дамба бузулганы, жер көчкү болгону тууралуу полиция маалымат берген. Имараттарды суу каптап, электр жарыгы өчүрүлгөн.

Өкмөт зыян тарткандарга мамлекеттен кенемте төлөнөрүн билдирди.

"Шамал коштогон жамгыр болжол менен 20 саат нөшөрлөп жаады. Ошол себептен дарыя ташкындап, ушунча зыян келтирди. Сел автоунааларды агызып кетти”, - деди жергиликтүү дарыгер Пламен Петров.

5-сентябрда капилет жаандан кийинки сел Түркиянын Стамбул шаары менен Кыркларели калаасында бери дегенде алты адам набыт болгон. Грекияда да сел эки адамдын өмүрүн жалмаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

XS
SM
MD
LG