Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:00

Казакстанда темир жолчулар айлыкты көтөрүү талабы менен иш таштады


Dosjan temir joly компаниясынын жумушчулары. 5-сентябрь, 2023-жыл.
Dosjan temir joly компаниясынын жумушчулары. 5-сентябрь, 2023-жыл.

Чыгыш Казакстан облусунда темир жол куруу жана эксплуатациялоо боюнча "Досжан темир жолу" (Dosjan temir joly) ишканасынын 200дөн ашуун кызматкери айлык акысын 50 пайызга көтөрүүнү талап кылып, айдын башынан бери ишке чыкпай жатышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына жумушчулар өздөрү кабарлашты.

"Биздин кызматкерлердин минималдык эмгек акысы 180 миң теңге. Биз буга макул эмеспиз. 1-сентябрдан тарта жалпысынан 200дөй кызматкер жумушка чыкпай жатабыз, - деди "Азаттыкка" ишкананын орун басары Куат Нурпейисов.

Жумушчулардын айтымында, кымбатчылыктын шартында 180-200 миң теңге айлык жашоого жетпейт. Нурпеисовдун айтымында, алар менен ишкананын жетекчилиги жолугушкан, бирок тараптар бир пикирге келе алышкан эмес.

"Астанадан жетекчилер келишти. Бардыгы убадалар менен тойгузат, келерки жылга чейин, 15 пайызга жогорулаганга чейин чыдап тургула дешти. Алар көп нерсеге убада беришет, бирок иш жүзүндө эч нерсе аткарылбай жатат", - деди ал.

Нааразылыкка чыккандар "Азаттыкка" жөнөткөн видеодо компаниянын кызматкерлери ишкананын Өскемен (Усть-Каменогорск) шаарындагы кеңсесинин алдында турушат. Видеодо иш берүүчү тараптын өкүлдөрү жумушчулар менен жолугуп, компаниянын айлык акыны көтөрүүгө чамасы жетпейт турганын айткан.

Жумушчулардын айтымында, 1-сентябрдан тарта иш таштоо башталгандан бери Шар станциясындагы темир жол линиясы текшериле элек.

"Биздин ишибиз темир жолдогу абалды карап, кыймылдыгын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү. Бул иш бир нече күндөн бери аткарылбай жатат. Жетекчилик буга көз жумуп койду. Бул каттам менен жүргүнчүлөрдүн ташыган поезд дагы өтөт", - деди жумушчулардын бири.

Компаниянын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Казакстанда темир жолчулардын нааразылыгы буга чейин дагы болгон.

Былтыр Маңгыстау облусундагы Бейнеу станциясында 300дөй темир жолчулар бир нече күн айлык акыны жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып нааразылык акция өткөрүшкөн. Кийин аларга үй-бүлөлөрү да кошулган эле.

XS
SM
MD
LG