Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Блинкен Украинадагы согушта курман болгондордун мүрзөсүнө барды


Дмитрий Кулеба менен Энтони Блинкен Берковец көрүстөнүндө. 6-сентябрь, 2023-жыл.
Дмитрий Кулеба менен Энтони Блинкен Берковец көрүстөнүндө. 6-сентябрь, 2023-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барган сапарын согушта курман болгон украин аскерлерин эскерүү менен баштады. Ал Берковец көрүстөнүнө барганын Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба X социалдык түйүнө (мурдагы Твиттер) жазды.

"Орусиянын Украинага 2022-жылдын февраль айындагы баштаган агрессиясынан бери мен төртүнчү ирет бул жакка келдим. Келген сайын украин элинин, украин күчтөрүнүн, Украина жетекчилигинин өзгөчө эрдигине жана каармандыгына таң калам. Биринчи кезекте Украинага туруктуу жана чечкиндүү колдообузду көрсөтүү үчүн келдим", - деди Блинкен.

АКШ мамкатчысы президент Владимир Зеленский менен, премьер-министр Денисом Шмыгал менен да жолугары кабарланды.

Энтони Блинкен мурда жарыяланбаган сапар менен Киевге 6-сентябрда келди. Анын алдында Украинанын баш калаасы жана Киев облусу Орусиянын ракеталык чабуулуна туш болду. Аба соккулары Блинкендин келишине бир нече саат калганда токтогонун "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Блинкен Украинага акыркы жолу 2022-жылдын сентябрында келип кеткен.

XS
SM
MD
LG