Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

ЖК “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду


Конституциялык сот.
Конституциялык сот.

6-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды. Документке 66 депутат “макул”, төрт депутат “каршы” деп добуш берди.

Жыйында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам долбоорунда Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе, кабыл алынган чечим кайра караларын билдирди. Ал документтин кайсы бир деңгээлде “матроним” маселеси боюнча Конституциялык соттун буга чейинки чечимине байланышы бар экенин айтты.

Депутат Дастан Бекешев бул долбоор менен Кыргызстанда философиялык терминдерди юридикалык мыйзамдарга аралаштыруу болуп жатканын билдирип, документти сынга алды.

“Биз Кыргызстанда демократиялык институттарды жөн эле бетке кармап, бири-бирибизди алдабай Конституциялык сотту жоюп эле салбайлыбы. Бюджеттен акча да кетип атат. Андан көрө ага мектеп курулат. Ишти президенттин администрациясы эле алып бара берсин. Соттун чечимдери ансыз деле ошол жерден маулдашып чыгып атпайбы”, - деди депутат.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так жазылган.

Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду сунуштаган.

6-сентябрда Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG