Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

"Оппенгеймер" жана "Барби" фильмдери Орусияда башка аталышта көрсөтүлөт


Москванын "Радуга" кинотеатры "Оппенгеймер" жана "Барби" фильмдерин башка аталышта көрсөтөт. Афишаларда бул тасмалардын аты “Дубак” жана “Ыкчам жолугушуулар” деп жазылып, 7-сентябрда жана 16-сентябрда элге сунушталары жарыяланды.

Ошол эле учурда "Агентство" басылмасы "Киноград" тармагы Москва, Ростов облустарында жана Санкт-Петербургда, Якутияда "Оппенгеймерди" өз аталышында эле көрсөтө баштаганын жазды.

Буга чейин Орусиянын Маданият министрлиги Голливуддун “Барби” жана “Оппенгеймер” тасмалары "орустардын салттуу руханий-адеп баалуулуктарына туура келбей турганын" билдирген. Министрлик кинотеатрлар улуттук кинолор менен толтурулганын маалымдаган.

Голливуд студиялары – Warner Bros., Universal, Paramount, Disney жана Sony Москванын Украинага басып киришин айыптап, Орусиядан чыгып кеткенден бери бул өлкөдө Голливуд тасмалары расмий көрсөтүлбөйт.

Маалымат каражаттары кинотеатрлар Голливуд тасмаларын "көмүскө көрсөтүүгө" өткөнүн жазышкан.

"Оппенгеймер" жана "Барби" фильмдери дүйнөлүк прокатка августта чыккан.

XS
SM
MD
LG