Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Көкбөрүдөгү чырга байланыштуу дагы төрт киши эки айга камалды


Көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу кармалгандар. Ош облустук милициясы тараткан сүрөт. 1-сентябрь, 2023-жыл.
Көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу кармалгандар. Ош облустук милициясы тараткан сүрөт. 1-сентябрь, 2023-жыл.

Ошто көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу дагы бир киши кармалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу төргөө абагына киргизилди. Анын бөгөт чарасы 6-сентябрда каралат.

Ал эми Ош шаардык соту 4-сентябрда буга чейин кармалган дагы төрт кишинин бөгөт чарасын карап, эки айга камоо чечимин чыгарды. Ушуну менен бул жаңжалга байланыштуу камалган жарандардын саны тогузга жетти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Чырга байланыштуу баш-аягы 65 киши суракка алынган. Алардын ичинен 10 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголгон.

Калган 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген. Мекеме чогултулган видео тасмалардан окуяга катыштыгы барларды тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында 31-август - өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаңжалда жети адам жараат алып, алардын бири ооруканага жаткырылган.

Эгемендик майрамына байланыштуу көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн “Достук” жана “Ынтымак” командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин “Ынтымак” 2:1 эсебинде жеңип алган.

Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG