Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

AP: Иран уран байытууну жайлатканы маалым болду


Натанцтагы центрифугалар. Иран. 17-апрель, 2021-жыл.
Натанцтагы центрифугалар. Иран. 17-апрель, 2021-жыл.

Иран уран байытуунун ыргагын кыйла жайлатканын Бириккен Улуттар уюмуна караштуу Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик өз баяндамасында жарыялаган. Ал жашыруун документ менен Associated Press агенттигинин журналисттери таанышкан.

Адистердин айтымында, бул Тегеран Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалууну жайгарууга карай жасаган кадамдарынын бири.

Ушул тапта Иран менен АКШ туткундарды айырбаштоо жана Түштүк Кореяда камакка алынган миллиард долларлык ирандык активдерди бошотуу тууралуу сүйлөшүп жатышат.

Иран менен алты дүйнөлүк держава (Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ) 2015-жылы түзгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк ишмердигин чектеп, бул үчүн экономикалык санкциялар жеңилдетилмек.

Вашингтон келишимден 2018-жылы чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайра киргизилген. Иран андан кийин өзүнө алган айрым милдеттенмелерден баш тарткан.

АКШ президенти Жо Байден Иран менен өзөктүк келишимди жандантууга даяр экенин билдирген, бирок анын жол картасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2022-жылы үзгүлтүккө учураган. Тегеран менен Вашингтондун азыркы сүйлөшүүлөрү Оман жана Катардын ортомчулугу менен ишке ашууда.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин баяндамасында белгиленгендей, Иранда учурда 60% чейин байытылган 121,6 килограм уран бар.

XS
SM
MD
LG