Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Садыр Жапаров УТРКнын башкы директору Тиллебаевге сөгүш берди


Болотбек Тиллебаев.
Болотбек Тиллебаев.

Президент Садыр Жапаров 4-сентябрда Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш берди. Тийиштүү тескемеге мамлекет башчы кол койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, ал мындай жазаны "жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн" алганы жазылган.

Тиллебаев президенттин жарлыгы менен УТРКнын башчысы болуп ушул жылдын март айында дайындалган.

Былтыр май айында Садыр Жапаров “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп, коомдук каналдын макамы “улуттук” болуп өзгөртүлгөн. Былтыр декабрда президент телеканалдын 90 жылдыгына арналган иш-чарада УТРКнын бюджети 397 миллион сомдон, 664 миллионго өскөнүн билдирген.

УТРКнын карамагында алты телеканал жана үч радио - "Кыргыз радиосу", Биринчи радио жана "Миң кыял ФМ" бар.

"Чекит медиа" платформасы 20-июнда фейктерге байланыштуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан.

"Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген программанын экинчи чыгарылышында да социалдык тармактарда фейк аккаунттар бийликти мактап, ага каршыларды каралап жатканын, муну үчүн “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин, Улуттук телерадио корпорациясынын жана ар кайсы министрликтин кызматкерлери да тартылып жатканын баяндалган. Аталган мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү программанын ичинде муну төгүнгө чыгарышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG