Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Бекназаров абакта моралдык басым болуп жатканы тууралуу билдирүү таратты


Азимбек Бекназаров. Архив
Азимбек Бекназаров. Архив

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун моралдык басымга туш болуп жатканы тууралуу билдирүүсү анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Саясатчы анда өзү менен чогуу Кубанычбек Кадыров, Жеңиш Молдокматов шарты өтө начар жер төлөгө которулганын айткан. Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, алар отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранган.

"Үч кемпирабадчы түшүрүлгөн 1-кабаттагы жарым подвалда (жер төлөдө) камералар ремонттон өтпөгөн, нымдуулугу жогору, дубалдары менен шыбынан шыбактары көчүп турган, полундагы бетондору жыртылган, ремонттон өтпөгөн абалда экен. Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, биз отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранабыз. Биз аздыр-көптүр өзүбүз ремонттоп алган камералардан эч бир себепсиз, негизсиз буйрук менен которууну УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин тергөө абагынын ички ишине кийлигишүүсү жана кемпирабадчыларды сындыруу максатында кыйноо, зомбулук деп баалайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Бул маалыматты Бекназаровдун адвокаты Эркин Булекбаев "Азаттыкка" ырастады.

Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, эч кандай кыйноолорго жол берилбей турганын "Азаттыкка" билдирди.

"Көзөмөлдү жогору турган органдар, прокуратура жүргүзөт. Алардан тышкары Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы борбор, парламент көзөмөлдөп турат", - деди мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева.

Бекназаровдун билдирүүсү боюнча УКМКнын жетекчилиги жооп бере элек.

1-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына чыккан. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчы институтуна, укук коргоочуларга кайрылып, беш күндөн бери тинтүү болуп, сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага которулганын билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын адам 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Учурда бул иш боюнча кармалгандардын 11и абакта.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG