Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

Салык кызматы уюштурган лотереянын жеңүүчүлөрүнө белектер бериле элек


Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын жеңүүчүлөрүнүн белектерин берүүнүн кечигип жатканы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме билдиргендей, лотереянын 1132 жеңүүчүсү болсо, алардын 46сы менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

“Эми биз байланыша албай жаткан адамдардын аты-жөнүн жарыялап, кабарлашканга аракет кылабыз. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар бузулган жок. Биз болжол менен октябрь айынын аягына чейин белектерди берип бүтөбүз деп ойлоп жатабыз. Белектер ээлерине сөзсүз берилет”, - деди мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

Салык кызматына байланышка чыкпай жаткан жеңүүчүлөргө 1-ноябрга чейин убакыт берилет. Эгерде анда да кабарлашпаса, жеңиши жокко чыгарылып, белектер кийинки лотереяда кайра ойнотулат.

Буга чейин социалдык тармактарда Салык кызматы уюштурган лотереядагы жеңүүчүлөрдүн бири белектер берилбей жатканын айтып, нааразылыгын билдирген.

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи этабы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн. Анда 1200гө чукул байге ойнотулган жана анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо болгон.

Лотереянын экинчи этабы 25-30-декабрда өтөт. Анда Бишкекте 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө төрт жолдомо, 521 даана iPhone 14, 519 даана смартфон, 158 даана ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Сатуучуларды көзөмөл-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган. 1-апрелден тартып 31-декабрга чейин үч жолу ойнотулуп, ага 19 миллионго жакын билет катышкан. Байге фонду 65 миллион сомдук лотереянын жеңүүчүлөрүнө машина, тиричилик техникасы өңдүү баалуу белектер тапшырылган.

XS
SM
MD
LG