Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Токтошев: Мадумаровдун иши адилет каралышын мыйзам чегинде талап кылабыз


Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши адилет каралышын мыйзам чегинде талап кылышарын бүгүн 3-сентябрда “Азаттыкка” аталган партиянын Жогорку Кеңештеги депутаты Эмил Токтошев билдирди.

Ал дүйшөмбү күнү фракция бул маселе боюнча жыйынга чогулуп, расмий билдирүү жасай турганын, ага юристтер да катышарын, Мадумаровдун камалышына каршы акциялар пландалбаганын айтты:

“Жок, андай пландар жок. Фракциянын депутаттары эртең чогулуп, жалпы элге билдирүү жасайбыз лидерибиз Адахан Кимсанбаевичтин камалышы боюнча. Мыйзам чегинде, адилет чечилсин, акыйкаттык болсун деп айтабыз. Башкы прокуратура, билесиздер, бизге эки иш боюнча уруксат сураган. Бирөө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу башаламандык боюнча. Ага депутаттар уруксат берген эмес. Ал эми жер тилкеси боюнча токтомго байланыштуу уруксат берилген. Башка берене болушу мүмкүн эмес, себеби башка беренеге депутаттар уруксат берген эмес”.

Токтошев жалпы дүйнө, анын ичинде Кыргызстан "сырткы душмандар азуусун көрсөтүп турган кооптуу абалда биримдикте жана ынтымакта болушу керектигин", "сын айткандардын баарын камай берүүдөн оңолуп кетпей турганыбызды" кошумчалады.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Мадумаровдун камакка алынышын “саясий куугунтуктун ачык көрүнүшү” деп баалай турганын билдирген.

Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери 2-сентябрда кармап кетишкен.

Ошол эле сааттарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Фейсбуктагы” баракчасына “Кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, кимде ким мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерди жасаса, аларга аёо болбойт. Күч органдарынын жообу андай жарандарга катуу болот!” деген пост жарыяланган.

2-сентябрдын кечинде Биринчи Май райондук сотунун чечими Мадумаровдун менен бөгөт чарасы аныкталып, ал 24-октябрга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене жүйө келтирилген. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты "жомок" деп атоодо. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-жылдын 5-октябрынан 2009-жылдын 26-октябрына чейин аркалаган.

Бийлик Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин айтып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG