Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:38

Астана "Орусияны айланып өтүү үчүн" мунай танкерлеринин санын көбөйтөт


"КазМунайГазга" караштуу Alatau танкери. Иллюстрациялык сүрөт.
"КазМунайГазга" караштуу Alatau танкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан быйыл мунай танкерлеринин санын жетиге жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу "КазМунайГаздын" башчысы Магзум Мирзагалиев билдирди.

Ал Тенгизден кара май алып Каспий деңизине чыкчу сегиз тонналык эки танкер алынганын тактады. Дагы 80 тонналык эки танкерди Кара деңизге чыгаруу пландалалып жатканын, келечекте алардын санын онго жеткирүү ниети барын кошумчалады.

Бул багытта "КазМунайГаз" Abu Dhabi Ports ишканасы менен кызматташууда.

31-августта Bloomberg басылмасы "КазМунайГаздын" бөлүмдөрүнүн бири Орусияны айланып өтүп деңизге чыгуу үчүн танкерлерди сатып алып жатканын жазган. Учурда Казакстан мунайынын 80 пайызын Евробиримдик менен Кытайга Орусиянын аймагынан өткөн куур менен жеткирет.

Казакстан мунайын Германия, Италия, Франция, Румынияга экспорттойт.

XS
SM
MD
LG