Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Токаев АЭС маселесин референдум аркылуу чечүү керектигин билдирди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламентте калкка кайрылуу жасап жатат. 1-сентябрь, 2023-жыл. Астана.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламентте калкка кайрылуу жасап жатат. 1-сентябрь, 2023-жыл. Астана.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коомдо кызуу талкууланып жаткан атом электр станциясын салуу маселесин "референдум аркылуу чечкен туура болорун" айтты.

"Атом электр станциясын куруу же курбоо маселеси - бул элибиздин келечегине байланыштуу өтө маанилүү маселе. Ошондуктан аны жалпы улуттук референдум аркылуу чечкен туура болот деп эсептейм. Так мөөнөтүн кийин аныктайбыз", - деди Токаев 1-сентябрда парламент трибунасынан калкка жасаган кайрылуусунда.

Быйыл жазда Энергетика министрлиги АЭС боюнча референдум болбой турганын билдиргенде, коомдо "бийлик эмнеге убадасына турбайт" деген суроо пайда болгон.

Анткени 2019-жылы бийлик АЭС куруу маселесин козгогон кезде Токаев "керек болсо бул маселе боюнча референдум өткөрөбүз" деп айткан эле.

Расмий Астана атомдук электр станция куруу боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин ырастап келет. Анткен менен айрым экологдор "өкмөт бул маселени калксыз эле чечип, азыр жөн гана билмексен болууда" деп айтышууда.

22-августта Алматы облусундагы Үлкөн айылында атомдук электр станциянын курулушу тууралуу коомдук жыйын өткөн. Биринчи АЭС Балхаш көлүнүн жээгинде жайгашкан дал ушул айылда курулары пландалууда.

Жыйындан кийин Энергетика министрлиги "Үлкөн айлынын тургундары АЭСтин курулушун колдойт" деген билдирүү тараткан.

Ал эми ага катышкан экологдор жана активисттердин пикиринде "бул маселени бир гана үлкөндүктөр эмес, бүтүндөй республика калкы чечиш керек".

XS
SM
MD
LG