Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Тажик банкирин өлтүрүүгө шектүү эки адам Орусияда кармалды


Кылмышка шектүүлөрдүн бири Дилшод Саидмуродов.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Дилшод Саидмуродов.

Орусияда тажикстандык банкир Шухрат Исматуллоевди өлтүрүүгө шектүү эки адам кармалды. "Озоди" радиосу бул тууралуу Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев билдиргенин жазды.

Анда кармалгандардын аты-жөнү аталган эмес. "Озодинин" божомолунда алардын бири Дилшод Саидмуродов болушу мүмкүн жана ал жакынкы убакта Тажикстанга экстрадицияланышы ыктымал.

Саидмуродов мурдагы милиция кызматкери. Тажик бийлиги буга чейин ал банкирдин өлүмүнө шектүү экенин, Орусияда жашынып жүргөнүн билдирген.

Тажикстандагы "Ориёнбанктын" төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, 23-июнда уурдалган Шухрат Исматуллоевдин сөөгү Пенжикент шаарында табылганы 15-августта белгилүү болгон.

Окуяга байланыштуу 13 киши кармалган, дагы үч адамга издөө жарыяланган. Банкирдин уурдалышына жана өлтүрүлүшүнө Ички иштер министрлигинин эки кызматкеринин да тиешеси бар экенин маалымдалган.

49 жаштагы Исматуллоев өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон. Ал көп жылдар бою “Ориёнбанктын” төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаганы менен иш жүзүндө бул банкты башкарганы айтылып келген.

30-июнда тажик бийлиги Шухрат Исматуллоевди уурдоого шектелгендердин бири Рустам Ашуров Молдовада кармалганын кабарлаган. Башкы прокуратура аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп мүнөздөгөн. Ал Түркия аркылуу Кишинёвго учканда аэропортто колго түшкөн.

Молдова бийлиги 30-июнда 43 жаштагы тажик жараны чек ара полициясынын кызматкеринен тартып алган тапанча менен эки адамды - чек арачыны жана аэропорттун коопсуздук кызматкерин атып, дагы бир адамды жарадар кылганын билдирген. Атайын операция маалында Рустам Ашуров оор жараат алып, 3-июлда Кишинев шаарындагы тез жардам ооруканасында эсине келбей көз жумган.

XS
SM
MD
LG