Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

Кытай жаңы карталарда Орусиянын бир бөлүгүн өз аймагы кылып белгиледи


Кытай менен Орусия ортосундагы чек ара өткөөлү. Амур дарыясы.
Кытай менен Орусия ортосундагы чек ара өткөөлү. Амур дарыясы.

Кытай бийлиги чыгарган жаңы географиялык карталарда Амурдагы Чоң Уссурийск аралын өз аймагы кылып белгилеген. Бул тууралуу Орусиянын РБК агенттиги кабарлады. Бээжин менен Москва ал жерди 1964-жылдан бери талашып келген.

2008-жылы тараптар жетишкен келишимде арал эки өлкө ортосунда бөлүнөрү макулдашылган. Ошондо эксперттер Орусия коңшусу менен узак мөөнөттүү жана туруктуу мамилелерди көздөйт деп чечмелешкен.

Кытайдын жаңы расмий карталарында арал өлкө чыгышындагы эң алыскы чөлкөм деп көрсөтүлгөн. Түшүндүрмөдө карта "Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн чек араларын белгилөөнүн улуттук стандарттарына ылайык тартылганы" айтылат.

Чоң Уссурийск аралынан тышкары Кытай Индиянын Аруначал-Прадеш штатын жана чек арадагы Аксайчин районун өз аймагы катары белгилеген. Индиянын Тышкы иштер министрлиги Бээжинге нааразылыгын билдирди.

"Свобода" радиосу жазганына караганда, Москва жаңы карталарга азырынча реакция кыла элек.

Ал карталар расмий маалыматтарда, жаңылыктарда, китеп, жарнамаларда колдонулмакчы.

Хабаровскиге жакын орун алган арал 340 чарчы километр аянтты ээлейт. СССР ыдырагандан кийин Орусиянын юрисдикциясында калган.

XS
SM
MD
LG