Мексика булуңунда Идалия бороону (ураган) күч алууда. АКШнын Флорида штатында жээкке жакын жерлерден эл эвакуацияланып жатат. Жергиликтүү бийлик сайттарына, социалдык тармактарга эскертүүлөрдү жарыялады. 29-августта шамалдын күчү саатына 150 чакырымга жетип, бороонго айланды.
Флориданын губернатору Рон Де Сантис 46 чөлкөмдө чукул кырдаал жарыялап, эскертүүлөргө олуттуу мамиле кылууга, коопсуз жерлерге барып турууга чакырды.
Улуттук гвардиянын 5500дей аскери мобилизацияланып, адистер бороондон кийинки калыбына келтирүү иштерине даярдык көрүүдө.
Соңку жети жылда Флорида төрт жолу катуу бороонго туш болду.