Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:53

Ошто жазгыч акын Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата айтыш өтөт


Төкмө акындар Асылбек Маратов жана Кадырбек Бейшенов. Айтыштын тандоо туру. 7-август, 2023-жыл.
Төкмө акындар Асылбек Маратов жана Кадырбек Бейшенов. Айтыштын тандоо туру. 7-август, 2023-жыл.

30-августта Ош шаарында Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт. 16-жолу өтүп жаткан эл аралык айтыш жазгыч акын, ойчул жана тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айтыш Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өтөт. Анда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголиядан жалпы 16 акын айтышат. Айтыштын финалы 31-августка белгиленген.

XVI эл аралык айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук “Манас” театры, Президенттин Баткен жана Ош облусундагы өкүлчүлүктөрү, “Айтыш” коомдук фонду жана “Молдо Нияз мурастары” коомдук фонду биргеликте уюштурууда. Айтыштын байге фонду - 3 миллион сом.

Кыргыздын алгачкы жазма акындарынын бири Молдо Нияз 1823-1906-жылдар аралыгында жашап өткөнү айтылып жүрөт. Анын 200 жылдыгына карата эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен биринчи жолу акындын чыгармасы жана ал жөнүндөгү изилдөө камтылган эмгек түрк тилинде жарык көргөн.

Быйыл 8-августта Кадамжай районунда Молдо Нияз тууралуу беш китептин бет ачары өткөн.

XS
SM
MD
LG