Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Таластан Казакстанга өтүп кеткен 130 баш кой кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы 30-августта кабарлагандай, Кайнар айылынын тургундарынын "Курт-Булак" жайлоосунда жайылып жүрүп, чек арадан өтүп кеткен 130 баш кой артка кайтарылды.

19-августта Айтматов районунун Казакстан менен чектеш жайгашкан "Курт-Булак" жайлоосундагы койлор жайылып жүргөн жеринен жоголгону тууралуу кайрылуу болгон.

"Эки тараптын милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин казак тарапка өтүп кеткен 130 кой жана эки эчки кайтарылды",- деп айтылат облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта.

Таласта көп жылдан бери мал уурулук токтобой келет. Уурдалган малдын көпчүлүгү коңшу Казакстанга өтүп кетери айтылат.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын жалпы узундугу 1113 чакырымды түзөт. Чек аранын тегиз жерлери тосмолор менен тосулган, тоолуу аймактарга коюлган эмес. (MKt)

XS
SM
MD
LG