Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

"Барса" академиясы кыргыз футболун кыйырга таанытабы?


Президент Садыр Жапаров жана "Барселона" спорт клубунун президент Жоан Лапорта
Президент Садыр Жапаров жана "Барселона" спорт клубунун президент Жоан Лапорта

29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” академиясы ачылып, ага каталондук клубдун легендалары, президенти Жоан Лапорта жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

“Барселона” академиясынын өкүлдөрү Кыргызстанга өлкө жетекчилигинин демилгеси менен келди. Бирок академияны ачууга, ага кошуп “Барса” легендаларын алып келүүгө канча каражат кеткени айтылган жок.

Борбор Азиядагы биринчи академия

“Барселонанын” президенти Жоан Лапорта, легендалары Ривалдо, Эдгар Давидс баштаган жооп топ адам 28-августтан бери Кыргызстанда сый үстүндө. Аларды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү тосуп алса, президент Садыр Жапаров атайын жолугушуу өткөрдү. 30-августта “Барселонанын” аксакалдары менен Азия футболунун легендалары оюн өткөрөт. Алардын курамында президент Садыр Жапаров да бар.

Мамлекет башчы академиянын Жалал-Абаддагы филиалын ачып жатып мындай деди:

“Салтанаттуу ачылып жаткан академиянын жардамы аркылуу мыкты оюнчулар менен машыктыруучулардын саны да артат деп ойлоймун. Академиянын ачылышы аймакта жашаган өспүрүмдөр, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана ден соолугу чың жаш муундун өсүп чыгышына өзгөчө салым кошоруна мен толугу менен ишенемин. Аталган долбоордун ишке кириши Кыргызстандын 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасынын максаттарына дал келип отурат. Академиянын тарбиялануучулары келечекте улуттук курама команданын катарын толуктап, эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргойт деп үмүттөнөм. Дүйнө чемпионатында ойноо жөн гана куру кыял болуп калбастан, жакынкы мезгилде ал кыялдар иш жүзүндө орундаларына бекем ишенемин”.

Жалал-Абаддагы "Барселона" академиясы.
Жалал-Абаддагы "Барселона" академиясы.

Негизги имарат Бишкекте курулат

Ошентип Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен “Барселона” академиясы алгачкы жолу Борбор Азияга келди. Академиянын филиалы Жалал-Абад шаарында орун алса, негизги имараты Бишкекке курула турганы белгилүү болду. Жалал-Абаддын мэриясы мурда Кадыржан Батыров ээлик кылган 4,5 гектар жерди “Барселонага” бөлүп берип, ага футболго керектүү инфраструктура түзүлгөн.

30-августта академиянын Бишкектеги имараты курула турган жерге мезгил капсуласы салына турганы айтылып жатат. Ага Аалы Токомбаев көчөсүнүн жогору жагындагы “Газпром” мектебинин жанынан жер берилгени да кабарланды.

Аны иштеп чыккан “Ак Башат” долбоорлоо институтунун директору Жаныбек Заирбеков үч жылдын ичинде курулуш иштери аягына чыга турганын айтты.

“Барсанын” академиясы, жанында эки оюн талаасы болот. Анан 10 миң кишилик стадион болот. Мындан тышкары Кыргызстандын жалпы спортчуларына керектүү реаблитациялык борбор да түшөт. Андан тышкары бизнес борбор, отель да курулат. Айлана тегерегинде парк каралган. Андан тышкары мэриянын талабы боюнча бала бакча жана жалпы билим берүү мектеби болот. Биринчи академия менен стадион курулуп, андан кийинки иштер үч жылдын ичинде аяктайт”.

Жапаров-Ташиевдердин тиешеси

“Барселона” сыяктуу белгилүү клубдар академиясын ачуу укугун акчага сатып, буга бизнес катары мамиле кылары белгилүү. Анын Борбор Азиядагы франшизаларын кыргызстандык JalGroup Asia компаниясы сатып алган. Компания ушундай эле аталышты алып жүргөн "ЖалГрупп Азия" коомдук фондунун негиздөөчүсү. Фонддун ээлеринин бири Ташиевдин тун уулу — Тай-Мурас экени “Клооп” басылмасынын иликтөөсүндө айтылат. Ташиевдин дагы бир баласы Эмирхан Кыдыршаев 2022-жылы "Барселона" клубунун жаштар командасында ойноп кеткен.

“Клооптун” материалында JalGroup Asia компаниясынын негиздөөчүлөрдүн бири Асанбаев Ракатбек Жапарович президенттин аялы Айгүл Асанбаеванын тууганы экени жазылган. Анткени экөөнүн фамилиясы, атасынын аттары окшош. “Клооптун” материалына улай эле президент Жапаров 26-августта “Кабар” агенттигине маек куруп, Ташиев-Жапаровдор боюнча төмөнкүдөй пикири менен бөлүшкөн:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Жалал-Абад шаарына Ташиевдер тээ мурдатан эле таштанды болуп жаткан жерди тазалап, футбол академиясын кура башташкан экен. Ал академия азыр жаркырап бүтүп калды. 29-августта "Барселона" клубунун башчысы Лапорта менен биргеликте ачабыз. Ал академияны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектеги академияны силер кургула деп сүйлөшүшүптүр. Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат. Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, бирөө түндүктө. Жалал-Абад Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок. Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам. "Балдар, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбегиле. Саясатка, экономикага, кадр маселелерине кийлигишпегиле. Мамлекеттен сыртка ташыбай, сырттан мамлекетке ташып келип тургула. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы. Инвесторлорду тартып келгиле. Ошолор менен иштегиле" дейм”.

28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна бийликтин тегерегиндеги адамдар тууралуу бир катар иликтөө материалдарды жасап келген “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда, “Клооп” басылмасы жарыялаган материалдарында “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү жарыялары басымдуулук кылары” жазылган.

Академиянын келечеги кеңби?

Кандай болгон күндө да “Барселона” клубунун Борбор Азиядагы биринчи академиясы Кыргызстанда ачылып жатат. Каталондук клубдун бир бөлүгү Бишкек менен Жалал-Абадда пайда болуп атышы кыргыз футболу үчүн жагымдуу жаңылык. Кыргыз футболуна меценаттык кылып келаткан Аскар Салымбеков академиянын ачылышын колдойт:

"Кыргызстанда чоң футбол майрамы болуп атат. Бул тарыхый окуя. "Барса" келгени Кыргызстандын футболунун өнүгүшү дагы күчөйт. Чоң түрткү болот. Биздин футбол жаңы деңгээлге чыгат деп ойлойм".

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “Дордой” жана “Абдыш-Ата” футбол клубунун академиялары мыкты деп эсептелинет. Бирок алардын тарбиялануучулары Европанын чемпионатына жете элек.

“Барселона” академиясы бул кырдаалды өзгөртөт деген үмүттөнгөндөр көп. Азыр Кыргызстандын улуттук курама командасы FIFAнын рейтингинде 97-орунда турат.

Спорт баяндамачы Бексултан Үсөналиевдин оюн угалы:

Бексултан Үсөналиев.
Бексултан Үсөналиев.

“Негизи саясатына көңүл бурбастан спорт жагын карай турган болсок, анда “Барселона” академиясынын Кыргызстанга келиши жакшы жаңылык. Биз чоң футболду көрөбүз жана калыптанып калган оюнчулардан жыйынтык күтөбүз. Бирок футболдун тамыры академиялардан башталат. “Барсанын” академиясы дүйнөгө аябай белгилүү. Алардын Борбор Азиядан бизге келиши жетишкендик. Анткени алардын ыкмасы бизге жугат, Европага көпүрө болуп бере алабы деген үмүтүм бар. Мунун пайдасы кошуна Казактан, Өзбекстанга да тиеби деп жатам”.

Кыргызстандагы футболго байланыштуу жаңылыктарда Садыр Жапаровдун ысымы аталып атышы жөн жерден эмес. Анткени мамлекет башчы футболго жакын. Анын демилгеси менен “Мурас” турнири уюштурулуп, анда Жапаровдун командасы чемпион, өзү бомбардир болгон жайы бар. Быйыл FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстандын футбол союзунун имаратынын ачылышына келип, Жапаров менен жолугушуп, аягында футбол ойногонго да жетишкен.

Кыргызстандагы футбол сүйүүчүлөрү жаңы стадионду талап кылып, улуттук курама команданын оюнуна Садыр Жапаров келгенде ар кандай акциядар да уюштурулган. Жаңы стадионго жер берилгени менен курулушу баштала элек.

"Президенттин кыялын орундатуу катары кабыл алдым"

Журналист Кудрет Тайчабаров Садыр Жапаров өзү футболго кызыгып, Камчыбек Ташиевдин уулу Испанияда топ тепкени үчүн Кыргызстанда бул спортко өзгөчө көңүл бурулуп атат деп эсептейт.

Кудрет Тайчабаров.
Кудрет Тайчабаров.

“Академиянын келгени жакшы, бирок, кайра эле байлардын балдары бара алат ал жакка. Футбол өсүп кетет, укмуш болуп деп айта албайм. Себеби, дүйнөгө белгилүү клубдар франшизасын сатуу менен пайда табышат. Ушундай эле ийгилик менен “Реал” жана башкалардын академиясын ача алабыз. “Барсанын” жылдыздары бизге Кыргызстан өсүп-өнүгүп кетсин деп келген жок, аларга акчасын төлөсөң Антарктидага деле барып ойноп кое беришет. Мындай көңүл буруу спорттун ийгилик жаратып жаткан түрлөрүнө жумшалса, андан да чоң ийгилик жаралмак. Мисалы, волейболдон Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Монголия сыяктуу жакынкы кошуналарды ута алабыз. Футболдон антип мактана албайбыз. Президент футболду сүйгөн үчүн эле ушундай мамиле болуп атат. Эгер өлкөнүн аброю ойлонтсо, спорттун перспективдүү түрлөрүнө да көңүл бурулмак. “Барса” жылдыздары келгенин мен президенттин кыялын орундатуу катары эле кабыл алдым. Бир убакта Рамзан Кадыров да ушинтип футбол жылдыздарын чогултуп топ тепкен. Мен деле президент болсом ушинтмекмин, туура кылат. Бул жерде мамлекеттик кызматкерлердин ары-бери барып, конокторду тоскон чыгымдар кимдин чөнтөгүнөн кетип атат деген суроо берилсе жакшы болмок”.

"Барселона" футбол клубунун президенти башында турган жоон топтун Кыргызстанга болгон сапары Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 30-августтагы оюн менен жыйынтыкталат. Ага “Барсанын” легендалары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо катышат. Ал эми көпчүлүк күткөн Роналдиньо кыргыз жерине келбей калды. Анын себеби азырынча айтыла элек. Ал эми Азия футболунун легендаларынан куралган команданы президент Садыр Жапаров өзү баштап чыгары күтүлүүдө.

Бул оюнга билеттин баасы 2 миңден 8 миң сомго чейин чыкты.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG