Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Абдирасулова үйүнө белгисиз адамдар келгенин айтып, милицияга кайрылды


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 28-августта белгисиз эки адам анын үйүнө издеп барышканын айтып чыкты. Бул учурда Абдирасулова үйүндө болгон эмес. Укук коргоочу келген кишилер укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүн экенин айтып, алардын жетекчилигине кайрылганын "Азатыкка" билдирди. Кайрылууда аларды мыйзамсыз аракеттерди токтотууга чакырган.

“Абышкам менин үйдө жок экенимди айтканына карабай, үйгө бастырып киргенге аракет кылышып, бирок итибизден кире албаптыр. Бирок, абышкама өтө одоно мамиле кылышып, күч колдонуп, колунан телефонун тартып алганга аракет кылышыптыр. Абышкам сураганда аты-жөнүн, келген себебин айтышпай, үйдүн жанынан кетпей бир топко турушуптур”, - деди ал.

Абдирасулованын кайрылуусу боюнча укук коргоо органдары комментарий бере элек.

Былтыр 15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында бийликтин Кемпир-Абад боюнча чечимине нааразылар топтолуп турганда ал жерге укук коргоочу катары байкоо салуу үчүн барган Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери күчтөп алып кетишкен. Кийин ага "милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген" деген негизде протокол толтурулуп, коё берилген.

Кийин Бишкектин Биринчи Май райондук соту ага 3 миң сом айып салган.

Азиза Абдирасулова 20 жылдан ашуун убакыттан бери укук коргоочулук менен алектенип келет.

XS
SM
MD
LG