Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:18

Херсондун бир катар аймактарына авиабомба менен чабуул коюлду


Херсондун тургуну. Буга чейинки чабуулдардан кийин тартылган сүрөт.
Херсондун тургуну. Буга чейинки чабуулдардан кийин тартылган сүрөт.

Орус армиясы Херсон облусунун бир катар райондоруна башкарылучу авиабомба таштаганын. жергиликтүү бийлик 27-августта билдирди. Курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат такталып жатат.

Баштапкы кабарларга ылайык, Дарьевка, Казацкий жана Одракаменки райондору чабуулга кабылган.

Орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсондун оккупацияланган бөлүгүн аткылоодо. Далилдерге карабастан, Москва карапайым элге чабуул жасалганын четке кагып келет.

Украинада 27-августта кайрадан абадан жапырт эскертүү жарыяланган. Бул күнү Киев облусунда Орусиянын төрт канаттуу ракетасы жок кылынганын өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү билдирген. Ал эми Орусия өз аймагына эки жолу учкучсуз учак сокку урганын маалымдап, бул үчүн Киевди күнөөлөдү. Курск шаарындагы көп кабаттуу үйгө дрон кулап, терезелер талкаланганы айтылууда.

"Азаттык" радиосу согуш маалындагы кабарларды дароо көз карандысыз булактардан тактай албайт.

XS
SM
MD
LG