Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

ФИФА Луис Рубиалести кызматынан убактылуу четтетти


Луис Рубиалес.
Луис Рубиалес.

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Испаниянын футбол федерациясынын башчысы Луис Рубиалести кызматынан убактылуу четтетти. Буга анын Испаниянын курама тобундагы чабуулчу айым Жениффер Эрмосону оозунан өпкөнүнө байланыштуу иликтөө башталганы негиз болду.

ФИФА Рубиалеске Эрмосо жана анын жакындары менен байланышпоону, аракет дагы жасабоону эскертти. Ушундай эле эскертүүнү испаниялык футбол федерациясынын жооптуу кызматкерлерине дагы берди.

“ФИФА бардык адамдардын кол тийбестигине сый мамиле жасарын бекемдейт жана ага каршы келген жүрүм-турумдун баарын чечкиндүү түрдө айыптайт”,- деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Рубиалес Аялдар арасындагы дүйнө чемпиондугундагы испандардын жеңишинен кийин сүйүнгөнүнө чыдабай Эрмосону оозунан өөп алган. Буга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, өкмөттө анын жосунсуз жоругу үчүн кызматтан кетирүү талабы көтөрүлгөн.

Луис Рубиалестин бул кылыгын Испаниянын премьер-министри Педро Санчес дагы айыптап, аны "жол берилгис ишарат" деп атаган.

Рубиалес кечирим сураганы менин кызматынан кетүүдөн караманча каршы баш тартып жаткан.

33 жаштагы футболчу айым аны өпкөнгө уруксат бербегенин, Рубиалестин аракети "жакпаганын" билдирген.

20-августта өткөн аялдар арасында футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалында Испаниянын футболчулары Англияны 1:0 эсебинде жеңди. Муну менен Испаниянын аялдар курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон.

XS
SM
MD
LG