Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Москвада аэропорттордун иши калыбына келтирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада “Внуково”, “Домодедево” жана “Шереметьево” аба майдандарынын иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги авиациялык кызматтарга шилтеме кылып жазды. Мунун алдында дрон чабуулдарына байланыштуу бир нече каттам токтотулуп, учактарды кабыл алууга чектөө киргизилген.

Москванын мэри Сергей Собянин 26-августка караган түнү шаарды көздөй багыт алган дрондор жок кылынганын билдирген.

“Баштапкы маалыматтарга ылайык, жараат алгандар, кыйроолор жок. Жеринде чукул кызматтар иштеп жатат”,- деди Собянин.

Дрондор жок кылынганы тууралуу маалыматты Коргоо министрлиги дагы бышыктады.

Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери Москвадан бир нече дрондорду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет.

Расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG