Чычкан капчыгайындагы Бишкек-Ош жолунда 23-августа эки машине кагышып, беш киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Эки автоунаанын бири Чычкан суусунан түшүп кетип, айдоочусу жана төрт жүргүнчү каза болгон. Айрым массалык маалымат каражаттары каза болгондордун арасында балдар бар экенин жазышты.
Жыл башынан бери балдар катышкан 900дөн ашуун жол кырсыгы катталып, кырктан ашуун бала каза болуп, миңден ашыгы ар кандай жараат алган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, соңку алты айда 3 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 270тен ашык адам мерт болду. (TSh)