Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Зеленский: Пригожиндин учагынын кулашына Киевдин тиешеси жок


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 8-август, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 8-август, 2023-жыл.

Киевдин Евгений Пригожиндин учагынын кулашына тиешеси жок экенин украин президенти Владимир Зеленский 24-августта билдирди.

«Биздин буга эч тиешебиз жок. Кимдин тиешеси бар экенин баары түшүнүп турат», - деди президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

23-августтун кечинде Тверь облусунда «Вагнер» менчик аскер компаниясынын негиздөчүүсү Евгений Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары мүрт кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин аттуу киши болгон.

24-августтун таңында куткаруу иштери аяктаганы, кырсык болгон жерде он кишинин сөөгү аныкталганы кабарланды.

«Вагнердин» командирлери Евгений Пригожиндин өлүмүн ырасташты, анткен менен ага жакын Телеграм-каналдар Пригожиндин өлүмүнүн расмий бышыкталышын күтүүгө чакырышты.

Baza Телеграм-каналы өз булактарына таянып жазгандай, сөөктөрдүн баары күйүп кеткендиктен, алардын биринин да тек-жайы азырынча аныктала элек.

Москвада генетикалык экспертиза дайындалмакчы.

Бир жыл мурун маалымат каражаттарында жана Телеграмда Пригожин Украинанын Луганск облусунда өлгөнү тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй ал тирүү экенин айтып чыккан. 2019-жылы Африкада жүк ташуучу учак кулап, борттогу сегиз кишинин арасында «Вагнердин» негиздөөчүсү да бар экени тууралуу кабар чыккан. Бирок ал маалымат кийин төгүндөлгөн.

XS
SM
MD
LG