Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:44

"ПолитКлиника" журналисттери иш учурунда тоскоолдукка кабылганын билдирди


“ПолитКлиника” басылмасы тараткан сүрөт.
“ПолитКлиника” басылмасы тараткан сүрөт.

“ПолитКлиника” басылмасынын журналисттери "Манас" этнокомплексин тартып жүргөн учурда өзүн күзөт кызматкеримин деген киши эч кандай түшүндүрмө бербестен дрондун пультун жулуп алган. Басылма териштирүүдөн кийин күзөт кызматкерлери тартып алган техниканы кайра кайтарып беришкенин билдирди.

Этнокомплекс бул боюнча комментарий бере элек.

"Манас" этнокомплекси бузулуп жатканы жөнүндө кабарлар социалдык тармактарга тараган. Буга чейин бийлик “Манас айылы” реконструкция болорун маалымдаган эле.

“ПолитКлиника” басылмасы өлкөдө коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрдү жарыялап келет.

Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы "Манас"этнокомплекси "Бишкек" эркин экономикалык аймагы" башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес. Тогуз гектарга жакын аянттагы комплекс 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG