Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Беларустагы ЖККУ машыгуусуна Кыргызстан дагы катышат


ЖККУнун былтыркы машыгуусу. Тажикстан. Октябрь, 2022-жыл.
ЖККУнун былтыркы машыгуусу. Тажикстан. Октябрь, 2022-жыл.

Беларус өлкөсүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин “Күжүрмөн боордоштук-2023” деп аталган аскердик машыгуусу өтөт. Бул тууралуу ЖККУ сайтында жазылды.

Машыгуу 1-6-сентябрь күндөрү өткөрүлүп, ага Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан катышат. 2500 миңден ашык аскер, 500 аскер техникасы тартылат.

Маалыматта ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча дагы машыгуу болору жазылган.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары расмий маалымат бере элек.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. “Бул уюм кагазда гана калып иш жүзүндө иштебейт” деген сын дооматтар айтылып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG