Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Агроөнөржай ассоциациясы кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча кайрылуу жолдоду


Кыргыз-казак чек арасы. Август, 2023-жыл.
Кыргыз-казак чек арасы. Август, 2023-жыл.

Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы кыргыз-казак чек арасында абалга байланыштуу кайрылуу жолдоду. Анда Казакстан жүк ташуучу унааларды өз аймагына өткөрүүнү чектеген көрүнүш жыл сайын кайталанары, мунун айынан кыргызстандык дыйкандар чоң чыгымдарга учурап келери айтылган.

Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттер ортосунда кандайдыр бир экономикалык чектөөлөрү болбогон ЕАЭБ мүчө. Биримдиктин негизги принциби “мүчө өлкөлөр ортосунда бажы декларациясы жана мамлекеттик көзөмөлү жок шартта товарларды эркин жүгүртүү” болуп саналат. Бирок коңшу республика тараптан кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыгына зыян келтирип, калыптанып калган принциптер бузулуп жатканын байкап жатабыз”, - деп айтылат кайрылууда.

Ассоциациянын аткаруучу директору Руслан Балтабаев Кыргызстандын тиешелүү мамлкеттик мекемелери бул маселени Евразиялык экономикалык комиссиянын алкагында тез кароо керектигин белгилеп, коомчулукту бул кырдаалга көңүл бурууга чакырган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Бүгүн, 24-августта Кыргызстандын чек ара кызматы саат 12:00гө карата маалымат бергендей, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын белгилеген.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.

XS
SM
MD
LG