Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Москва соту америкалык журналисттин камактагы мөөнөтүн үч айга узартты


Америкалык журналист, Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович Мосвка шаардык сотунда. 18-апрель, 2023-жыл.
Америкалык журналист, Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович Мосвка шаардык сотунда. 18-апрель, 2023-жыл.

Москва соту Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичтин камактагы мөөнөтүн 24-августта дагы үч айга узартты. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жазды.

Орусияда алты жылдай иштеген Гершкович Екатеринбург шаарында элдин Украинадагы согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөндө быйыл мартта кармалган.

Орусия кабарчы “журналисттик ишмердикке жамынып алып” кыңыр ишин жасап жүргөнүн, жашыруун маалыматтарды алууга аракеттенген жеринен кармалганын айтууда.

32 жаштагы Гершкович 30-мартта кармалып, ошол эле күнү Москва шаарынын Лефортово райондук соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган.

Кийин камактагы мөөнөтү 30-августка чейин узартылган.

The Wall Street Journal ага коюлган айыпты четке каккан. Вашингтон журналисттин кармалышын мыйзамсыз деп атап, аны токтоосуз бошотууну талап кылган.

Ал "кансыз согуш" аяктагандан бери "тыңчылыкка" айыпталып, Орусияда кармалган биринчи америкалык журналист болуп калды.

Вашингтон Эван Гершковичти алмашуу үчүн Москва менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливанга шилтеме жасап New York Times басылмасы июль айынын башында жазган.

XS
SM
MD
LG