Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Нурланбек Шакиев Европарламенттин комитет мүчөлөрү менен жолугушту


Нурланбек Шакиев менен Дэвид Макаллистер.
Нурланбек Шакиев менен Дэвид Макаллистер.

Бүгүн, 24-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Европа Парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Шакиев Кыргызстан Евробиримдик менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дайыма кызыкдар экенин белгиледи. Ал билдиргендей, Парламенттер аралык кызматташтык комитетинин быйылкы жыйыны декабрда Бишкекте өтөт.

“Демократиялык, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды үзгүлтүксүз улантууну көздөгөн өлкө катары биз бардык тараптар, анын ичинен Европа мамлекеттери менен тыгыз кызматташа беребиз. Анткени ачык жана конструктивдүү диалог гана өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөкчү болот”, – деди Шакиев.

Тараптар Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө, адам укугун коргоо, сөз эркиндигин сактоо жана аймактык коопсуздукка тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Макаллистер Европарламенттин 2029-жылга чейинки стратегиясында Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалганын айтты.

Ушул эле күнү Макаллистер менен тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

XS
SM
MD
LG