Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Украина Эгемендик күнүн белгилеп жатат


Украинанын президенти Владимир Зеленский Эгемендик күнү менен куттуктап жатат. Видеодон алынган кадр. 24-август, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Эгемендик күнү менен куттуктап жатат. Видеодон алынган кадр. 24-август, 2023-жыл.

Украина 24-августта эгемендиктин 32 жылдыгын белгилеп жатат.

Президент Владимир Зеленский калкка жасаган кайрылуусунда бул күн "эркин жана күчтүү адамдардын майрамына" айланганын белгиледи.

Ал украиндердин эрктүүлүгүнө баа берип, орус агрессиясына каршы турууда украин коомунун биримдигинин баса белгиледи.

"Баары керек, баары маанилүү - адамдар, аракеттер, сөздөр. Биз баарын туура кылгандыктан, кимдир бирөө "Украинага даңк" дегенде бүтүндөй дүйнө "Баатырларга даңк" деп жооп берет", - деди Зеленский.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен украиндери Эгемендик күнү менен куттуктап, "24-август Украинанын көз карандысыз, суверендүү, демократиялык мамлекет экенин күбөлөндүргөн, Украинанын эрктүүлүгү жана күчтүүлүгү менен сыймыктанган күн", - деп билдирди.

Блинкен Америка Украина менен экенин дагы бир жолу кайталады.

Украинанын атайын кызматтары бул күнү орус армиясы соккуларын күчөтүшү мүмкүн экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG