Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Орус армиясы Украинанын Днепр шаарына ракеталык сокку урду


Днепр шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан жабыркаган имарат. 15-август, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Днепр шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан жабыркаган имарат. 15-август, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орус армиясы 24-августка караган түнү Украинанын түштүгүндөгү Днепр шаарына жасаган ракеталык соккусунан жети карапайым тургун жаракат алды. Бул тууралуу Днепропетров облусунун губернатору Сергей Лысак Телеграмга жазды.

Ал чабуулдан транспорттук обьект жабыркаганын, үч эркек жана төрт аял ооруканага жеткирилгенин кошумчалады.

Андан тышкары, ондогон имараттарга, анын ичинде банк, мейманкана, эмерек фабрикасы, административдик имарат жана эки турак-жайга зыян келтирилген.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат билдиргендей, Орусия түнү С-300 баллистикалык ракеталары, "Искандер К" жана "Искандер М" ракеталары менен сокку урду. Ал ракеталардын бири абадан атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Согуш талаасында украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, түштүктөгү Мелитополь багытында контрчабуул уланууда. "Крымдын дарбазасы" деп саналган стратегиялык Мелитополь шаарын орус күчтөрү былтыр мартта басып алышкан.

XS
SM
MD
LG