Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Бостеридеги киши өлүмү боюнча дагы эки милиция кызматкери кармалды


Маркум Бекбол Аманкулов.
Маркум Бекбол Аманкулов.

Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 22-августта кармалышкан. 24-августта алардын бөгөт чарасы каралат. Аларга да Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Талас облусунун 23 жаштагы тургуну Бекбол Аманкулов 6-августка караган түнү Бостери айылында эс алып жүргөн жеринен каза тапкан. Маркумдун туугандары ал ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алган.

ИИМ ишти иликтөө үчүн тергөө тобун түзүп, 14-августта Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалган.

Андан кийин үч милиция кызматкери кызмат абалынан пайдаланган деген негизде кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган. (AsK)

XS
SM
MD
LG