Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Орус армиясынын Ромны шаарына чабуулунда эки киши набыт болду


Ромный калаасында чабуулда талкаланган мектеп.
Ромный калаасында чабуулда талкаланган мектеп.

Украинанын бийлиги 23-августта Орусия армиясы өлкөнүн түндүк-чыгыш жана түштүк аймактарына кол салуулардын жаңы толкунун баштаганын, кеминде эки кишини өмүрү кыйылганын кабарлады.

Ички иштер министри Игорь Клименко билдиргендей, Сумы облусунун Ромны шаарында орусиялык учкучсуз учак мектепке тийип, эки мугалим каза болду. Дагы эки адам урандылардын астында калды, бир канчасы жараат алды. Издөө жана куткаруу иштери уланууда. Мектептин имараты талкаланды.

23-августка караган түнү учкучсуз учактардын кол салуусунан Одессада дан кампалары зыян тарткан.

Ушул күнү Орусиянын Белгород облусуна караштуу Лавы айылындагы санаторийге жасалган дрон чабуулунан үч жай тургун набыт болгонун облус жетекчиси Вячеслав Гладков билдирди. Орус тарап бул үчүн Украинаны айыптоодо.

Чабуулдар тууралуу Киев да, Москва да расмий комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG