Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Белгороддогу аткылоодо үч адам каза болгону кабарланды


Орусиянын Белгород облусуна караштуу Лавы айылындагы санаторийге жасалган дрон чабуулунан үч жай тургун набыт болгонун облус жетекчиси Вячеслав Гладков билдирди.

Гладков бул тууралуу 23-августта Телеграмга "Украинанын Куралдуу күчтөрү эл көчөдө жүргөндө дрондон жардыргыч зат таштады", - деп жазды.

Облус башчысы санаторийдин аймагына дрондон эки граната ыргытылганын, терезелер талкаланып, имараттын сырты зыян тартканын кошумчалады. Маалыматты көз карандысыз булактардан дароо тактоо мүмкүн эмес.

"Свобода" радиосу Украина менен чектеш Белгород, Брянск жана Курск облустары акыркы кездери такай аткылоого дуушар болуп жатканын жазды. Орус бийлиги бул үчүн Украинаны айыптоодо. Киев комментарий берген жок.

Акыркы күндөрү Москвага да дрондор чабуул коюп жатканы такай кабарланууда.

Ал тапта орус күчтөрү Украинанын бир катар аймактарына чабуул коюуну улантып жатат. 23-августка караган түнү учкучсуз учактардын кол салуусунан Одессада дан кампалары зыян тартты.

XS
SM
MD
LG